Садыр Жапаров Чаткалда окуучунун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү катуу жазалоону талап кылды
Президент Садыр Жапаров Чаткал районунда 9-класстын окуучусунун сабалып каза болушуна байланыштуу окуяны тыкыр иликтеп, күнөөлүүлөрдү толук жоопкерчиликке тартууну талап кылды.
Мамлекет башчысы бул тууралуу райондун тургундары менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда Рахман аттуу жергиликтүү тургун 18-сентябрда 9-класста окуган небересин 11-класстын окуучулары сабап, анын кесепетинен бала каза болгонун айтты.
Аймактык укук коргоо органынын жетекчисинин маалыматына караганда, чыр кичүү класстын окуучулары туура эмес саламдашып, урмат көрсөтпөгөнү тууралуу сөздөн улам чыккан. Андан кийин мушташ болуп, 11-класстын төрт окуучусу 9-класстын үч окуучусун сабаган. Алардын бири каза болгон.
Жапаров окуяны кылдат иликтеп, күнөөлүүлөрдү жеңилдиксиз жазалоо керектигин белгиледи. Ал кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында шектүүлөрдүн жазадан кутулуп кетишине жол берилбеши керектигин айтты.
«Адамды сабап өлтүргөндөргө эч кандай кечирим болбошу керек. Алар толук жазасын алышы зарыл. Бул башкаларга да сабак болот», — деди президент.
Ошондой эле мамлекет башчысы мектептердеги тартипти көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, билим берүү мекемелеринде криминалдык түшүнүктөрдүн жайылышына, рэкетчиликке жана өздөрүн «авторитет» катары көрсөткөн окуучулардын үстөмдүк кылышына жол берилбеши керек.
Жапаров мектептерде кылмыштуу жүрүм-турум көрсөткөн өспүрүмдөр мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылышы керектигин кошумчалады.