Электр энергиясынын эсебине макул эмессизби? Энергетиктер талаштуу квитанцияны кантип текшерүүнү түшүндүрүштү

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71

Кыргызстанда электр энергиясы үчүн эсептелген суммага макул болбогон абоненттер эсептөөлөрдү текшерүүнү талап кылып, тиешелүү энергокомпанияга арыз менен кайрыла алышат.

Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынын өкүлдөрү «Күн маек» программасында электр энергиясына төлөмдөрдү эсептөө боюнча суроолорго жооп берип жатып билдиришти.

Адистердин айтымында, өткөн жылытуу мезгилинде көптөгөн абоненттер квитанциялардагы суммаларга нааразы болушкан. Негизги суроолор электр энергиясын керектөөнү эсептөө тартибине жана жогорулатылган тарифтин колдонулушуна байланыштуу болгон.

Энергетиктер түшүндүргөндөй, эсептөөгө шек жаралса, абонент жашаган жери боюнча энергосатуу бөлүмүнө кайрылышы керек. Бишкек шаарынын тургундары борбор калаадагы кызматка, ал эми аймактардагылар тиешелүү аймактык бөлүмдөргө кайрыла алышат.

Адистер талаштуу эсептөө боюнча квитанцияны алгандан кийин үч күндүн ичинде кайрылууну сунушташты. Ошондой эле 1209 колл-борборуна чалып, түшүндүрмө алууга болот.

Абонент электр энергиясынын акысы кандай эсептелгенин сурап, эсептегичтин көрсөткүчтөрүн жана колдонулган тарифтердин тууралыгын текшертүүгө укуктуу. Эгер түшүндүрмөдөн кийин да эсептелген суммага макул болбосо, кайра кароо үчүн энергосатуу уюмуна жазуу жүзүндө арыз бере алат.

Эсептөө мезгилинин узактыгына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Себеби 700 кВт·сааттык керектөө чеги эсептегичтин көрсөткүчтөрү алынган күндөрдүн санына жараша кайра эсептелет.

Бул 1 кВт·саатына 1,64 сомдон төлөнүүчү электр энергиясынын көлөмүнө жана 2,94 сомдук жогорулатылган тариф колдонулуучу керектөөгө таасир этиши мүмкүн.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X