12-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 12-апрелде айрым райондордо жаан, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлады.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +21…+26, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +18…+23 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +23…+28 градус, Бишкек шаарында күндүз +21…+23 градус жылуу болот.