12-майда жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган конференция өткөрүлөт

10-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 62

12-майда Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Конференция Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын жыйындар залында 13:30да башталат.

Маалыматка ылайык, илимдер академиясынын алдындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту менен «Түгөлбай Ата» коомдук фонду биргелешип өткөрө турган «Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармачылыгы: кечээ жана бүгүн» аталышындагы конференция республикалык масштабда уюштурулат.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинен, Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунан, ЖОЖдордон жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.

Белгилей кетсек, Түгөлбөй Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. 1997-жылы 85 жашында Бишкек шаарында көз жумган. Анын «Тоо арасында», «Тоо балдары», «Биздин замандын кишилери», «Көк асаба», «Бел-белес» сыяктуу көлөмдүү чыгармалары элдин жан дүйнөсүн байытууга өзгөчө салым кошуп келет.

10-май, 2022-ж. / Редакция / Коом 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X