15 адам камакка алынды

27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Түркиядагы тоо лыжа базасында 78 адамдын өмүрүн алган өрттүн чыгышы боюнча ишти иликтөөнүн алкагында 15 адам камакка алынды. Бул тууралуу  Sabah маалымат агенттиги жазды.
Ишембиде Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эч кандай шек жараткан жагдайлар болбошу үчүн сот системасы окуянын бардык аспектилерин ачыктоого болгон аракетин жумшап жатканын айткан.
“Беш шектүү, анын ичинде Болу муниципалитетинин мэринин орун басары Седат Гюленер, өрт департаментинин директорунун орун басары Кенан Жошкун соттук териштирүүлөрдө болушту. Болу Карталкая лыжа базасындагы Grand Kartal мейманканасында 78 адам каза болгон өрттү иликтөөнүн алкагында камалган шектүүлөрдүн саны 15ке жетти”, – деп жазылат маалыматта.
Ekol TV телеканалынын маалыматы боюнча, 1974-жылы курулган мейманкананын сырты жыгач болгондуктан жалын бат тутанып кеткен. Имаратта түтүн чыкканы боюнча белги берген датчиктер, өрт өчүргүчтөр болгон эмес.
27-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 34
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X