15 миң милиционер, 30 миң көрүүчү: ДКО учурунда коопсуздук кандай камсыздалды?

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102

29-августтан 6-сентябрга чейин Кыргызстанда өткөн ШКУнун 26-саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда коомдук тартипти камсыздоого ИИМдин 15 миңден ашуун кызматкери тартылды.

Милиция кызматкерлери расмий жана спорттук иш-чаралар өткөн жайларда, делегациялардын каттамдарында, коноктор жайгашкан объектилерде жана эл көп чогулган аймактарда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү.

Айрыкча Кырчын жайлоосунда жана Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөө менен катар жарандарга жана чет өлкөлүк конокторго жардам көрсөтүштү.

Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өткөн «Бишкек Аренада» 30 миңдей көрүүчүнүн коопсуздугу камсыздалды.

ИИМдин маалыматына караганда, иш-чаралардын жүрүшүндө видеокөзөмөл системалары жана башка санариптик технологиялар да активдүү колдонулду. Туристтик милициянын чет тилдерин билген кызматкерлери чет өлкөлүк конокторго көмөк көрсөтүштү.

Ошондой эле ИИМдин Медициналык башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп, зарыл учурда катышуучуларга, конокторго жана кызматкерлерге медициналык жардам көрсөтүүгө даяр турду.

ИИМ билдиргендей, ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн мезгилде алардын катышуучуларына, конокторуна жана чет өлкөлүк туристтерге карата бир дагы кылмыш же укук бузуу катталган жок.

Иш-чаралардын коопсуз өтүшүн ИИМдин жетекчилиги жеринде көзөмөлдөп турду.

7-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X