Дайырбек Орунбеков: «Ачылышта өлкөнү тааныттык, жабылышта маданиятыбызды көрсөтөлү»
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков кыргызстандыктарды VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземинде тартип сактоого чакырды.
Ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кайрылып, ДКО-2026нын ачылыш аземи Кыргызстанды дүйнөгө таанытууга чоң салым кошконун белгиледи.
«Бишкекте өткөн дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи — Кыргызстанды бүт дүйнөгө таанытты. Айрыкча СНГ өлкөлөрү суктануу менен талкуулап жатышат. Иш-чараны дүйнөлүк футбол мелдешининин, олимп оюндарынын ачылыштарынан дагы артык болду деп салыштырып жатышат. Мындай баа жалпы элибиз үчүн сыймык.
Бүгүн, Ысык-Көлдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземи, көк бөрү оюндарынын финалы болот.
Ачылыш аземи менен мамлекетибизди дымактуу, өнүгүп жаткан, эли маданияттуу, уюшумдуу өлкө катары тааныттык десем жаңылышпайм. Эми, жабылышында дагы эрежени сактап, маданияттуулугубузду көрсөтөлү. Айрыкча, көк бөрү финалына билет алып жетише албай калган мекендештерибизге кайрылабыз. Сиздер үчүн Формула-1 иш-чарасы өткөн жерге фан зона уюштурулуп, чоң экрандар коюлганын билдиребиз. Күйөрмандарды ал жерге дагы чакырабыз, келип бирге колдоп туралы. Мындан тышкары Бишкек, Ош, Манас шаарларында шарт түзүлдү. Адаттагыдай УТРК телеканалы аркылуу түз эфир аркылуу алып көрсөтөт.
Ошондуктан, билетсиз деле кирип кетем деген үмүт менен келип, өзүңүзгө жана башкаларга ыңгайсыздык жаратпоону өтүнөбүз. Туура кабыл алганыныз үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Элибизде жакшылык, тынчтык жана оомат болсун. Бул билдирүүнү окуп жаткан мекендешим, сиздин үй-бүлөгө тынчтык каалайбыз», — деди ал.
Көк бөрүнүн финалы УТРК телеканалы аркылуу да түз эфирде көрсөтүлөт.
Орунбеков кайрылуусунун соңунда кыргызстандыктарга тынчтык, жакшылык жана оомат каалады.