16 миң таңгактан ашуун тамеки продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү фактысы аныкталды
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад шаарында жүргүзүлгөн рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө, тамеки продукциясын акциздик маркалары жок мыйзамсыз сатуу фактыларын, ошондой эле тиешелүү лицензиясы жана уруксат берүүчү документтери жок алкоголдук продукциясы менен кампаны аныкташкан.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 653 миң 160 сомдон ашык суммадагы 16 миң 329 таңгак ар кандай аталыштагы тамеки продукциялары жана 23 миң сомдон ашык суммадагы 690 бөтөлкө сыра тартылып алынган.
Ишкердик субъекттерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлдү, деп билдирет МСКнын басма сөз кызматы.
25-май, 2021-ж.
/
Жаңыл Дүйшөкеева
/
Коом
/
#тамеки продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү фактысы