17-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 17-февралда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз -3…+2 градус, Талас облусунда -4…+1 градус болот.
Ысык-Көл облусунда күндүз -1…-6, Нарын облусунда болсо -5…-10 градус суук болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абаж жана Баткен облусунда абанын температурасы күндүз -1…+4 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз -1…+1 градус болот.