17-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Кыргызгидрометтин берген маалыматына ылайык, эртең, 17-февралда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2;
Талас жергесинде түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…-6;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10;
Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -8…-10, күндүз -1…+1 градуска чейин жетет.