Кырсыктардан 12 адам каза болуп, 47 киши жабыр тарткан. Бул тууралуу бүгүн “Кумтөр Голд” компаниясынын ишин текшерип жаткан Акылбек Жапаров алтын кениндеги абалды талкуулоо үчүн чогулган парламенттин кезексиз жыйынында айтты. Жапаров мындан тышкары Кумтөр алтын кениндеги ишмердүүлүк эки айдан бери көзөмөлсүз тургандыгына токтолуп, “Жума күнү мөңгүлөрдүн коопсуздугунун жана алардын жылып туруусунун абалын көзөмөлдөөчү система өчтү. Бул ошол зонада иштеген адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирет. Эки айдан бери Кумтөр кенинде башкаруу жок. Ортоңку звенодогу биздин адистер иштеп жатышат. Бирок негизги адамдар чыгып кетишкен. Санкциясыз өчүрүүнү биздин укук тартибин коргоо органдары карап жатышат. Биз аны калыбына келтирип жатабыз”,-деди.