Бүгүн, 20-апрелде, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында күндүз 17…22, Ысык-Көлдө 14…19, Нарында 16…21 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы 20…25 градуска жетет.
Борбор калаабыз Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт, абанын температурасы күндүз 19…21 градус жылуу болот.