20 өлкөнүн өнөрпоздору: «Көчмөндөр жаңырыгынын» финалы бүгүн
Бүгүн Чолпон-Атада «Көчмөндөр жаңырыгы» эл аралык этно-ыр сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат.
Финалдык концерт Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтүп, ага 4 континенттен келген 20 өлкөнүн 21 аткаруучусу катышат.
Сынактын алкагында өнөрпоздор жалпы 42 конкурстук номер тартуулап, өз элдеринин музыкалык салттарын жана улуттук маданиятын тааныштырышты.
Финалдык кечеде катышуучулардын чоң концерти тартууланып, сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтөт.