Марс Черикчиев: «Бишкек Арена» өлкөбүздүн өнүгүп жатканын көрсөтөт
Бишкекте курулуп, эртең Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ачылышы күтүлүп жаткан «Бишкек Арена» өлкөбүздө чоң өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөтөт. Эми Кыргызстанда дүйнөгө белгилүү артисттердин концерттерин жана ири спорттук мелдештерди өткөрүүгө жакшы шарт түзүлдү. Бул тууралуу маектешим, активист Марс Черикчиев билдирди.
— Марс мырза, «Бишкек Арена» сизге кандай таасир калтырды?
— Албетте, суктандырат. Мындай чоң, заманбап жайдын Бишкекте курулушу өлкөбүздө жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөтөт. Өзгөчө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу ири иш-чаранын алдында ачылып жатканы маанилүү. Бул Кыргызстан үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшигин ачат деп ойлойм.
— «Бишкек Арена» Кыргызстанга кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет?
— Эми биз чоң концерттерди кабыл алып, андан сырткары ири спорттук мелдештерди да өткөрүүгө шарт түзүлдү. Дүйнөгө белгилүү артисттердин Кыргызстанга келип, концерт бериши — жакшы көрүнүш. Мындай иш-чараларга чет өлкөдөн да коноктор келет. Бул туризмге да, өлкөнүн аброюна да жакшы таасир берет.
Эң негизгиси, бизде дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк пайда болду. Мурун ири концерттердин көбү Улуттук филармонияда өтсө, эми «Бишкек Аренада» андан да масштабдуу иш-чараларды өткөрүп, өлкөбүздүн аброюн көтөрүп, эл аралык аренадагы ордун бекемдей алабыз.
— Борбор калаадагыдай өзгөрүүлөр аймактарда да байкалабы?
— Албетте. Президент өлкөнүн бардык аймактарына көңүл буруп жатат. Жакында Каракол шаарына барып келдим. Ал жактагы өнүгүүнү өз көзүм менен көрдүм. Эл да жасалып жаткан иштерди көрүп, колдоп, кубанып жатканын байкадым.
Бишкекте «Бишкек Арена» сыяктуу чоң объектилер курулуп жатса, аймактарда да жакшы иштер жүрүп жатат. Мунун баары өлкөбүздүн өнүгүп, алдыга жылып жатканын көрсөтөт.