Көк бөрүдө тайпалар аныкталды: Кыргызстан АКШ жана Өзбекстан менен ойнойт

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178

Бүгүн, 1-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында мелдештин катышуучуларынын чүчүкулагы өтүп, анын жыйынтыгы менен командалар эки тайпага бөлүнүштү.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү мелдешине 7 команда катышат.

Көк бөрү боюнча чүчүкулактын жыйынтыгы:

А тайпасы: Кыргызстан, Россия, АКШ, Өзбекстан.

В тайпасы: Венгрия, Казакстан, Тажикстан.

Эске салсак, көк бөрү боюнча мелдештер 2-сентябрда башталат.

1-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 178
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X