«Ырыс-Ордо» кимди эмнеси менен суктандырды?
Көзгө дароо урунган бийиктиги, кеңдиги, заманбап архитектурасы жана кыргыздын улуттук өзгөчөлүгү айкалышкан келбети менен «Ырыс-Ордо» ачылгандан бери көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Аны көргөн аттуу-баштуу инсандарыбыз эмнени биринчи байкады? Кайсы көрүнүшү суктандырды, эмнеси менен сыймыктанды? Ушул суроолор менен белгилүү инсандарыбызга кайрылып, алардын «Ырыс-Ордо» тууралуу алгачкы таасирин жана жеке баасын уктук.
Меңди Мамазаирова, акын, драматург:
— «Мындай заман болорун,
Көрдүң беле түшүңдө?!» деп жаңы заман келгенде атактуу акын Токтогул Сатылганов ырдаган экен.

Анын сыңарындай, «Бишкек Арена» бүтүп жатканда менин да оюма ушул саптар келген эле. Кечээ кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү «Ырыс-Ордонун» ачылышына күбө болдук.
Кыргыз эли кылымдар бою көчмөн турмуш кечирип, мындай жаркыраган, зор имараттарды көп курган эмес. Биздин улуттун кылымдар бою көкүрөгүндө сактап келген эң улуу «храмы» — «Манас» эпосу эле. Ал эми бүгүнкү күндө кыргыздын колунан заманбап, сүрдүү, улуттук жүзү бар архитектуралык жайлар жаралып жатканы өзүнчө бир кубаныч.
Айрыкча, мындай имараттардын өз бюджетибиздин мүмкүнчүлүгү менен курулуп жатканы сыймыктандырат. Ошондуктан мен «Ырыс-Ордо — кыргызга түбөлүк олжо» деп айткым келет.
Мени эң таң калтырганы имараттын заманбап архитектурасы менен улуттук өзгөчөлүктүн айкалышы. Бийиктиги, кеңдиги, курултай өтчү залдын кыргыздын боз үйүн элестеткен түзүлүшү өзгөчө таасир калтырды. Фойелердин кенендиги, жарыктын молдугу да көзгө дароо урунат. Бирок баарынан маанилүүсү – кыргыздын улуттук колорити имараттын дээрлик ар бир бурчунан сезилип турганы.
Дагы бир өзгөчөлүгү жети дубандын аты берилген өзүнчө имараттардын болушу. Ал жерлерде мейманкана, ресторандар жайгашкан. Келген меймандар тиешелүү жайларга жайгашып, эс алып, өз маселелерин чечип, кайра сапарын уланта алышат. Бул жагынан алганда «Ырыс-Ордо» кыргыздын бүгүнкү мүмкүнчүлүгүн, улуттук жүзүн жана меймандостугун көрсөтө турган чоң борборго айланчудай. Көргөндөрдүн айтымында, мындай ири жана заманбап комплекс Борбордук Азияда өзгөчө орунду ээлейт. Бул да биз үчүн сыймыктанарлык көрүнүш.
Эң башкысы, өлкөбүздүн ар тараптан өнүгүп, өсүп баратканы кубандырат. Заман өзгөрүп, кыргыз элинин мүмкүнчүлүктөрү кеңейип, ата-бабаларыбыздын кыялында гана болгон нерселер бүгүн көз алдыбызда ишке ашып жатат. Ушундай ири идеяларды көтөрүп, ишке ашырууга салым кошкон азыркы эл башчыларына, идея бергендерге, архитекторлорго жана эмгек кылган бардык адамдарга чоң ыраазычылык билдирем.
Каныбек Осмоналиев, профессор:
— «Ырыс-Ордо» конгресс-холлунун имаратынын кооздугу мени суктандырды! Чыныгы архитектуралык шедевр болуптур. Анын өзгөчө аурасы сезилип турду. Мен аны «Ыйык Ордо» болсун деп бата кылып, кабыл алдым. Анткени, элибиздин ичинде терс маанидеги көз караштар көбөйүп кетти го? Бардык нерсеге эле чала-кайым сындарды айта берүүнү адат кылып алдык. Бул туура эмес! Коомдун жандуу касиети бар.
Жаман сөзгө дагы реакция кылат. Жаштарыбыздын келечегине терс таасир берет. Жакшы буюм дагы балдарды тарбиялайт. «Ырыс-Ордонун» так ошондой касиетин байкадым. Мен президент өзү баш болгон куруучулар жамаатын эң сонун шедеврлик имараттын жаралышы менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Элибиздин ырысына ырыс кошулуптур!
Мирлан Жеенчороев, Жогорку Кеңештин депутаты:
— «Ырыс-Ордо» Бишкек шаарынын көркүнө көрк кошкон, өлкөдө эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн заманбап имарат. Бул Борбор Азиядагы борбор шаарлардын катарында Бишкектин аброюн дагы да көтөрүүгө өбөлгө болот. Ошондой эле мындай ири объектинин курулуп, ишке берилиши — Кыргызстандын экономикалык жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү өсүп жатканын көрсөткөн маанилүү кадам. Буга чейин мындай деңгээлдеги имараттын болбогону өкүнүчтүү болсо, бүгүн анын курулуп, эл кызматына берилиши кубанычтуу көрүнүш.
Имараттын «Ырыс-Ордо» деп аталышы да өзгөчө мааниге ээ. Анын ачылышына коомго, мамлекеттүүлүккө, билимге, маданиятка жана элдин саламаттыгына салым кошкон инсандардын катышуусу жакшы жөрөлгө болду. Бул өз кезегинде элди ынтымакка чакырган символдук мааниге ээ.
Бизде «Ынтымак-Ордо» бар эле. Эми ошол ынтымагыбыз ырыс алып келсин деген ниет менен «Ырыс-Ордо» деп аталышы да жакшы жышаан. Эл аралык иш-чаралар өтүп, элге кызмат кылган, өлкөгө ырыс алып келген жана ынтымакты бекемдеген ордо болсун деген тилектемин.
Таажы Аязова, акын
— «Ырыс-Ордо» деп ак ниет менен аталган 15 гектарга чукул аянтка кыргыздын улуттук баалуулуктарын камтыган, көркөмдүгү көз жоосун алган, бийик жана ыйык имараттын босогосун аттаганда, таң калганымды да, толкунданганымды да жашыра албай, көзүмө жаш алып, чексиз кубанычка бөлөндүм. Баарын сүрөттөп айтып берүүгө сөз жетпейт!
Бул аземге катышкандардын баарынын жүзүнөн да ушундай сезимдерди байкадым. Айлана-тегеректи болуп көрбөгөндөй кубаныч, шаттык жана сыймыктануу каптап тургандай сезилди. Айрыкча, азыркы Президентибиз
Садыр Жапаровдун көп сүйлөгөндөн көрө күнү-түнү эмгектенип, анын жыйынтыгын өзү айткандай элге эмгеги сиңген, түшүнүгү мол асыл инсандарды, дөө-шааларды чакырып, алардын алдында отчёт бергени өзгөчө таасир калтырды. Бул көрүнүш элдин көңүлүн көтөрүп, жүрөктөрүн жылытты.
Азыркы учурда Кыргызстандын кайсы жерине барбаңыз, мекенибиздин өнүгүп, өзгөрүп жатканын байкоого болот. Мурда чаңы чыгып, аңгыл-дөңгүл болуп жаткан жолдордун ордуна тегизделип, мизилдеген калың асфальт төшөлүп жатат. Шаарларда жер алдындагы өтмөктөр салынып, унаа токтотуучу жайлар иретке келтирилип, мурдагы баш аламандык акырындап жоюлуп, тартип орной баштаганын көрүп жатабыз. Өнүгүүгө бут тосуп, элдин көңүлүн алагды кылып, ойлорун бурмалоого аракет кылган ар кандай күчтөрдүн сөзүнө карабай, Өлкө башчысы өз ишин так аткарып келе жатат.
Ийилсе да сынбаган, мекенин жан дилинен сүйгөн, элин урматтап-сыйлаган, ыйлаганды соороткон, кыйналганды колдогон, камкор, калыс, таш койгонго аш койгон, жумурай-журтка баш болгон, бой көтөрбөгөн, калыбынан өзгөрбөгөн, бузук сөздөргө чөкпөгөн, мактоого көппөгөн, өз милдетин артыгы менен аткарууга умтулган мекенчил асыл инсаныбызга, жол башчыбыз, урматтуу ажобуз Садыр Жапаровго чексиз терең ыраазычылыгымды билдирем. Элибиз үчүн мындан ары да албан-албан ийгиликтерди жарата беришин каалайм! Ар дайым ден соолугу чың, көңүлү шат, жолу шыдыр, жолдошу Кыдыр болсун. Зоболосу бийик, мартабасы улук, ойлору тунук болуп, үй-бүлөсү жана эли менен бейпилдикте, бактылуу узак өмүр сүрсүн!
Чынара Капарова, журналист:
— “Ырыс-Ордону” көргөндө биринчи кезекте, албетте, анын масштабына суктандым. “Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи, кирип баратып эле моюнум асман карады. Бийиктигине, кеңдигине суктандым, таң калдым. Буга окшогон ири мамлекеттик курулуштарды көргөн сайын мамлекеттин мүмкүнчүлүгү өсүп, өлкөдө ири долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүн экенине ишеним артты. Мындайча айтканда, 30 жыл жөн эле жүрө бериптирбиз, эски советтик имараттардын чирип калган түтүктөрүн улам жамап, дубалдарын кайра-кайра актап-сырдап.
“Ырыс-Ордо” жөн гана чоң имарат эмес, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзгөн, өлкөнүн келбетине салым кошкон инфраструктура, кооз архитектура. Кыргызстанда мындай заманбап борборлордун көбөйүп жатканы, албетте, сыймыктандырат.
Курулуштун өзүнө да баа бердим. Эң негизгиси, имараттын кооздугу менен катар, элге жана мамлекетке канчалык кызмат кылаары. “Ырыс-Ордо” дал ушул жагынан өзүн актап, узак жылдар пайдаланылчу маанилүү жай болот деп ойлойм.
Чынайым Кутманалиева