Айтурган Эрмекова: «Жолдошумду өз жанын кыюуга жеткиргендерди мыйзам чегинде жоопко тарттырам»

27-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 1166

Ырчы Айтурган Эрмекова жолдошу Дамирдин өлүмүнө себеп болгон деп эсептеген адамдарды сотко берерин билдирди.

Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө жолдошуна акыркы эки айда чалуулар, коркутуулар жана акча талап кылуулар болгонун жазды.

Эрмекова айрым адамдар жолдошунун ишенчээктигин пайдаланып, карыз маселеси боюнча ага басым жасаганын белгиледи.

Ырчы жолдошунун өлүм алдында тарткан видеосун да жарыялады. Анын айтымында, видеодо Дамир акыркы мүнөттөрүндө билдирүү калтырган.

«Эгер ошол маалда бир ооз мага айтканыңарда, биз сактап калмакпыз», — деп жазды Эрмекова.

Ал жолдошунун өлүмүнө байланыштуу бардык жагдайлар мыйзам чегинде иликтенишин талап кыларын билдирди.

27-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 1166
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X