31-августта «Бишкек Аренага» 21 жерден акысыз шаттл-бустар каттайт
31-августта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине келген көрүүчүлөр үчүн «Бишкек Аренага» акысыз шаттл-автобустар уюштурулат.
Шаттл-бустар саат 14:00дөн 16:00гө чейин шаардын 21 жеринен жөнөйт. Акыркы автобус саат 16:00дө чыгат.
Каттамдан ачылыш аземине билети же чакыруусу бар көрүүчүлөр пайдалана алышат.
Шаттл-бустардын негизги жөнөө пункттары:
- Эркиндик бульвары, 1/А — темир жол бекети;
- Жибек Жолу – Кулиев көчөлөрүнүн кесилиши;
- Асанбай кичи району;
- Ак-Кула автобекети;
- Тунгуч кичи району;
- мурдагы Чыгыш автобекети;
- Москва көчөсү, 239 — ДЭПО-1;
- Шабдан Баатыр көчөсү, 52 — ДЭПО-2;
- Ала-Тоо конушу;
- Тыналиев көчөсү, 16 жана башка даректер.
Азем аяктагандан кийин көрүүчүлөр шаарга «Бишкек Аренага» келген багыты боюнча ошол эле шаттл-каттамдар менен кайта алышат.
Мэрия көрүүчүлөргө жөнөө пункттарына алдын ала келип, «Бишкек Аренага» өз убагында жетип алууну сунуштады.