«Жаратман мугалим – өнүккөн өлкө». Кара-Сууда билим майрамы өттү

25-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 336

Кара-Суу районунда жаңы окуу жылына карата август педагогикалык кеңешмеси өтүп, билим берүү тармагындагы мыктыларга сый-урмат көрсөтүлдү.

«Доор өзгөрткөн билим: Жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аталышындагы август педагогикалык кеңешмеси 24-августта Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында өттү.Возможно, это изображение один или несколько человек

Иш-чарага район акими Бапаев Чынгыз Арстанбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Машрапова Гүлай Эгемназаровна, Козуев Алишер Абибиллаевич, Кубанычбеков Илимбек Кубанычбекович, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалимдери жана билим берүү тармагынын алдыңкы өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү тармагына үзүрлүү эмгек сиңирген мугалимдерге Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды.Возможно, это изображение текст

Ал эми иш-чаранын эң кубанычтуу жаңылыктарынын бири — жалпы республикалык тестирлөөдөн 234 балл алып, «Алтын сертификатка» ээ болгон бүтүрүүчүгө Жогорку Кеңештин депутаты Козуев Алишер Абибиллаевич тарабынан автоунаа белекке берилгени болду.

Бул — жаштардын билимге умтулуусуна, мугалимдердин эмгегине жана окуучулардын жетишкендиктерине көрсөтүлүп жаткан колдоонун айкын көрүнүшү.

Жаратман мугалим — сапаттуу билимдин башаты. Сапаттуу билим — өнүккөн өлкөнүн бекем пайдубалы.Возможно, это изображение автомобиль

Ар бир окуучуга билим берип, туура багыт көрсөтүп, келечекке жол ачкан мугалимдин эмгеги баа жеткис. Анткени өлкөнүн эртеңи билимдүү, тарбиялуу жана мекенчил жаштардын колунда.

Кара-Суудагы август кеңешмеси жаңы окуу жылын бийик максаттар, чоң ишеним жана жакшы тилектер менен баштоого жол ачкан маанилүү иш-чара болду.

25-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 336
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X