Айтурган Эрмекованын кайрылуусу боюнча Ош милициясы текшерүү жүргүзүүдө

27-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 931

Ош шаардык милициясы ырчы Айтурган Эрмекованын Instagram баракчасындагы кайрылууларын текшерип жатат.

Маалыматка караганда, текшерүүнү Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмү жүргүзүүдө.

Милициянын маалыматына ылайык, буга чейин Эрмековадан, анын жолдошунан же жакындарынан коркутуу-үркүтүү боюнча арыз түшкөн эмес.

«Социалдык тармактардагы кайрылуулар каттоого алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, бүгүн, 27-августта Айтурган Эрмекова жолдошунун видеосун жарыялап, билдирүүсүндө ага карата коркутуулар болгонун жазган.

27-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 931
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X