20-январга карата аба ырайы

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 142

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 20-январда түнкүсүн айрым райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, ошондой эле Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым аймактарды туман каптап, жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн −10…−15°, күндүз −1…−6°; Баткен облусунда түнкүсүн −2…−7°, күндүз −3…+2°; Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн −1…−6°, күндүз −1…+4°; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн −4…−9°, күндүз −2…+3°; Нарын облусунда түнкүсүн −16…−21°, күндүз −5…−10° болот. Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −24…−29°, күндүз −10…−15° суук күтүлөт.

Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн −11…−13°, күндүз −2…−4° болот.

19-январь, 2026-ж. / Редакция / Аба ырайы 142
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X