2021-жылы Гөбеклитепени 567 миң 453 киши зыярат кылды
12 миң жылдык тарыхы бар Гөбеклитепеге рекорддук санда зыяратчы келди.
Неолит дооруна таандык дүйнөнүн эң маанилүү конуштарынын бири болгон Гөбеклитепени 2021-жылы 567 миң 453 киши зыярат кылган. Бул көрсөткүчтөр байыркы эстеликтин жаңы тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болуп саналат. Аталган аймакка 2018-жылдан баштап жергиликтүү жана чет элдик туристтер суудай агып келе баштаган, себеби ушул жылы бул эстелик ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кошулуп, зыяратчыларга жеткиликтүү боло баштаган. Гөбеклитепе үстүбүздөгү 2022-жылы дагы көп зыяратчыларды тартуусу күтүлүүдө.
Түркиядагы Шанлыурфанын 15 километр түндүк-чыгышында жана Өренжик айылына жакын жерде жайгашкан Гөбеклитепе эстелиги табылган соң, жергиликтүү жана чет элдик зыяратчылардын көңүлүн бура баштады. Дүйнөнүн эң эски сыйынуучу жайы болгон 11 500 жылдык тарыхты өзүнө камтыган Гөбеклитепе аймагына 2021-жылы жалпысынан 567 миң 453 адам зыярат кылып, пандемиянын таасирине карабай мурдагы зыяратчылардын рекорддорун жаңыртты.
Гөбеклитепе 2018-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген жана бул жерде неолит дооруна тийешелүү таң калаарлык жаңы материалдар табылган. Гөбеклитепе тарыхый эстелигине болгон кызыгуунун артуусу менен бирге эле 2022-жылы бул жерге рекорддук санда көп деген зыяратчылардын келүүсү күтүлүүдө.