"Эркин-Тоо"

2022-жылдын 11 айынада өлкөгө 33 893 унаа алып келинген

Өткөн жылы ноябрда Кыргызстанга 4 783 жеңил унаа алып келинди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин 2022-жылдын 11 айына берген отчетунда белгиленет.

Жалпысынан көрсөтүлгөн аралыкта өлкөгө 33 миң 893 унаа алып келинген. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 эсеге көп. октябрдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу өсүү 16%ды түзгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, өткөн жылдын 11 айында алып келинген жалпы унаалардын жалпы баасы 425,4 млн доллардан ашкан. эң көп унаа — 7342 Кореядан алып келинген, баасы 52,9 млн долларды түзөт. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу корея унааларын импорттоо 4 эсеге азайган. Андан кийин импорттун көлөмү боюнча Грузия (6560), Россия (6383) жана АКШ (4605) турат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!