2026-жылы 268 трансформатор сатып алынат
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасы 2026-жылы 268 даана трансформатор сатып алат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык планынын алкагында республика боюнча электр кубаттуулугун жогорулатуу иштери жүргүзүлөт. Жогорку чыңалуудагы 35–110 кВ тармактарында 20 көмөк чордондо күч трансформаторлорунун кубаттуулугу кошумча 256 мегаваттка көбөйтүлөт. Алар Бишкек шаарында – 2, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарында – 5тен, Нарын жана Таласта – 2ден, Чүй облусунда – 4 даанадан орнотулат.
Мындан тышкары, 10/0,4 кВ тармактарында керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо үчүн 248 даана трансформатор коюлуп, кубаттуулугу жогорулатылат. Натыйжада система кошумча 107 мегавольт-ампер кубаттуулукка ээ болот. Бул трансформаторлор Бишкек жана Ош облустарында – 46дан, Баткенде – 22, Жалал-Абадда – 29, Ысык-Көлдө – 28, Нарын облусунда – 27, Таласта – 42 жана Чүйдө – 8 даана бөлүштүрүлөт.