"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси

22-декабрь – Энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев энергетика тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу энергетика тармагынын кызматкерлери, кадырлуу ардагерлер, жетекчилер жана келечекти багыттаган жаш адистер!

Энергетика күнү – бул өзгөчө маанилүү майрам. Иштеп жаткан ар бир ишкана, кыймылга келген техника, ар бир жылуу үй, мектептеги сабак, ар бир ооруканадагы жардам, жер жүзүндөгү миллиондогон жарыктар – энергетиктердин тынымсыз эмгегинин жыйынтыгы.

Энергетика – мамлекеттин өнүгүүсүнүн өзөгү, ал эми энергетиктер – ошол өзөктү бекем кармап турган күч. Электр энергиясын өтө көп талап кылган технологиялуу доордо сиздердин саат келди.

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Кыргызстандын энергетикасы – жөн гана тармак эмес, мамлекеттин стратегиялык негизи. Тарыхы өткөн кылымдын башынан тартып ишке кирген алгачкы чакан жылуулук жана гидроэлектр станцияларынан башталып, бүгүнкү энергетика ири долбоорлорду ишке ашырууга чейин жетти.

Бүгүн Кыргызстан энергетиканын жаңы этабына кирип жатат. Бай гидроресурстарыбыз өлкөбүзгө кызмат кыла турган, чоң мүмкүнчүлүктөрдү ача турган кез келди. Келечектин чоң максаттары ишке ашырыла баштады. Энергетикалык инфраструктура жаңыланууда. Жарым кылым кызмат кылган Токтогул ГЭСи модернизацияланып, жалпы кубаттуулугу 1440 МВтка жеткирилди. Үч-Коргон ГЭСинин да гидроагрегаттары алмаштырылууда. Бул иштер ГЭСтерибиздин өмүрүн узартууда. Бир катар чакан ГЭСтердин ишке кириши энергетика тармагына жаңы дем берип, региондордун өнүгүүсүнө шарт түзүүдө. Камбар-Ата – 1 ГЭСи – бул Кыргызстанды энергетикалык көз карандысыздыкка жетелеген, келечек муундар үчүн бекем пайдубал түзгөн тарыхый долбоор. Бул долбоор – биздин энергетиктердин кесибине, тажрыйбасына жана күчүнө болгон ишенимдин белгиси.

Бул демилгелер өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү жана биз тармактын мындан да натыйжалуу, ийкемдүү жана жогорку технологиялуу болуусуна багытталган реформаларды улантууга тийишпиз. Энергетиканын келечеги – жасалма интеллект жана санариптик платформаларды кеңири колдонууда. Процесстерди автоматташтыруу, тармактарды интеллектуалдык башкаруу, жүктөмдү алдын ала божомолдоо жана коопсуздук системалары – мунун баары биздин тармакта көндүм практика болушу керек. Бул инструменттер канчалык тез өздөштүрүлсө, өлкөнүн технологиялык суверенитети жана экономиканын туруктуу өсүшү ошончолук бекем болот. Энергетика тармагында мегадолбоорлорду ишке ашырып, тармактын потенциалын чыңдайбыз жана өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачабыз деп ишенем.

Айрыкча тармактын ардагерлерине терең ыраазычылык билдирем. Сиздердин эмгегиңиздер – заманбап энергетиканын, машина куруу жана өнөр жай тармактарынын бекем пайдубалы. Жоопкерчиликтин, инженердик маданияттын жана өнүгүүгө умтулуунун мыкты салты дал сиздерден башат алат. Бул мурас бүгүнкү муун үчүн үлгү катары кызмат кылууда.

Бүгүн ушул майрам күнү ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздерге чың ден соолук, коопсуз эмгек, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгиликтерди каалайбыз.

Өлкөбүз жарык, элибиз тынч, энергетикабыз күчтүү болсун!”.