Акыйкатчы институтуна 9 унаа берилди
Акыйкатчы институтуна кызматтык автоунааларды тапшырылды. Бул тууралуу аталган институттун маалымат кызматы кабарлады.
Кызматтык унаалар Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде тапшырылды. Өлкө башчысы институттун материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында автоунааларды сатып алууга 9 миллион сом бөлгөн.
Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 9 кызматтык автоунаанын ачкычтарын Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев тапшырды. Аталган унаалар өлкөнүн 6 облусундагы аймактык өкүлчүлүктөргө бөлүштүрүлөт.