Президент Садыр Жапаровго Эл аралык тынчтык сыйлыгы ыйгарылды

22-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Президент Садыр Жапаров кечээ, 21-декабрда, Л.Н. Толстой атындагы Эл аралык тынчтык сыйлыгы менен сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жана байкоочу өлкөлөрдүн башчыларынын катышуусунда өттү.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровго, Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмонго жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге сыйлыкты калыстардын Төрагасы – Мамлекеттик академиялык Мариин театрынын көркөм жетекчиси жана директору, Россиянын Мамлекеттик академиялык Чоң театрынын башкы директору Валерий Гергиев тапшырды.

Үч өлкөнүн лидерлери Борбордук Азия аймагында тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого кошкон зор жеке салымдары үчүн Эл аралык сыйлыкка татышты. Мамлекет башчылары 2025-жылдын 31-мартында үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекити жөнүндө келишимге жана түбөлүк достук жөнүндө Худжанд декларациясына кол коюшкан.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров сөз сүйлөп, бул сыйлык Борбор Азияда тынчтыкты, туруктуулукту бекемдөөгө жана коопсуздукту камсыз кылууга кошкон биргелешкен салымды таануу экенин айтып: «Аймактагы чек ара маселелерин биротоло чечүү евразиялык коопсуздук жана жалпы геосаясий туруктуулук үчүн өтө маанилүү экени, ошондой эле биз мүчө болгон интеграциялык бирикмелердин жана чөлкөмдүк форматтардын макамын бекемдей турганы айдан ачык. Жетишилген макулдашуулар биздин элдердин тынчтыкка, ынтымакка жана жакын коңшулаштыкка чын ыкластан умтулуусунун ачык көрүнүшү болуп калды», – деди.

22-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X