22-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 22-февралда республика боюнча күн ачык болуп, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас аймагында +8…+13, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +11…+16, Ысык-Көл өрөөнүндө +2…+7 градус жылуу болсо, Нарында -3…+2 градуска чейин жетет.
Борбор калаада +12…+14, Ош шаарында +14…+16 градуска жетип күн ачык болот.