25 жылда жер көчкүдөн 279 адам каза болгон

Бүгүн, 16-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Кыргыз Республикасындагы жер көч көчкү тобокелдиктерин башкаруу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.  Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоордун жалпы бюджети 39 млн АКШ долларын түзөт. Анын ичинен гранттык каражат 23,5 млн АКШ доллар болуп, долбоордун 60%ын түзөт. Ал эми насыялык каражат 11,5 млн АКШ доллар болуп, долбоордун 30%ына туура келет. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн салымы 4 млн АКШ долларына барабар. Насыя алгачкы 8 жылга 1%дан, калган 32 жылга 1,5%дан кайтарылат.

Белгилүү болгондой, акыркы 25 жыл ичинде жер көчкүдөн  279 адам каза болгон. 542 турак үй жана көптөгөн социалдык мекемелер кыйраган. Ага ылайык сунушталып жаткан мыйзамдын негиздемесинде 42 айылда жер көчкү тобокелдигин азайтуу каралган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X