26-июнда чоң митинг өтөт
АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Ак үйдөн кеткенден кийин биринчи жолу тарапкерлери менен ири митинг өткөрүү алдында турат. Шаршемби күнү жарыяланган билдирүүгө ылайык, ал митингди 26-июнда Огайо штатында өткөрөт. Бул иш-чара республикачылардын талапкерлерин жана «Американы Улуу кылабыз» принцибин колдогон митинг, деп жазат ТАСС. Анын максаты, келерки жылы Огайо штатынан АКШнын Конгрессине шайланууну пландап жаткан республикачы Макс Миллерди колдоо болуп саналат.
Эскерте кетсек, Трамп 2022-жылы республикачылар Сенатты толугу көзөмөлгө алат, деп айтып, өзү АКШ Конгрессине бара турган республикачыларды колдоого аларын билдирген. Мындан тышкары, Трамп 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышууга олуттуу карап жаткандыгын маалымдады.