А.Жапаров: «Кирешелердин көлөмүн көбөйтө алдык, бирок бул дагы жетишсиз»
Министрлер Кабинети 100 күндүн ичинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү багытында бир катар натыйжалуу иштерди аткарды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.
“Биз өлкөнүн экономикасындагы болуп жаткан жат көрүнүштөргө туура “диагноз” коюп, Президент Садыр Жапаров менен бирге “дарылап”, жыйынтыгында кирешелерди көбөйтө алдык. Бирок, бул дагы жетишсиз. Кирешелердин көлөмүн дагы 400-600 миллиард сомго чейин көтөрүшүбүз керек. Учурда ички дүң продукциянын көлөмү 723 миллард сомду түздү. Бул цифра качан гана 1-1,5 триллиондон ашканда, бизде олуттуу өзгөрүүлөр болот. Ал үчүн биз аракеттерибизди күчтөп, дагы кошумча жумуш орундарды түзүшүбүз керек”, — деди Акылбек Жапаров.
Эскерте кетсек, бүгүн, Министрлер Кабинетинин төрагасы ЖМК өкүлдөрүнө жыйын өткөрдү. Ага 50дөн ашуун маалымат каражаттарынын журналисттери катышып, Акылбек Жапаров 2 сааттын аралыгында 60ка чукул суроого жооп берди.