30-апрелге карата аба-ырайы тууралуу маалымат

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 35

30-апрелде түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирет.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28

Таласта түнкүсүн 9…14, күндүз 28…28

Баткен, Ош, Жалал-Абадда ​түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;

Нарында 1…6, күндүз 16…21;

Бийик тоолуу аймакта түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;

Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачындын ыктымалдыгы аз. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 26…28 градус болот.

29-апрель, 2022-ж. / Редакция / Аба ырайы 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X