В.Кличко Россияга каршы санкцияларды киргизүү керектигин билдирди

22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 37

Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Луганск Эл Республикасынын жана Донецк Эл Республикасынын суверендүүлүгүн тааныгандыгы үчүн Россия Федерациясына каршы санкцияларды киргизүү керектигин билдирди.

«Орус бийлигинин мындай аракеттери Украинага ачык эле согуш ачкандыгын айгинелейт… Ушуга байланыштуу Украинанын саясий өнөктөштөрү Россияга каршы санкцияларды токтоосуз киргизүүлөрү керек», — деди Кличко өзүнүн видеокайрылуусунда.

Анын айтымында, бул санкциялар эң алгач Евробиримдик жана НАТО менен макулдашылып, андан кийин кабыл алынуусу шарт.

«Санкцияларды киргизүүгө даяр болгон мамлекеттерге терең ыраазычылык билдиребиз», — деди ал.

Эске салсак, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Россия Донецк менен Луганскинин көз карандысыздыгын тааный тургандыгын билдирип, аталган аймакка аскер күчтөрүн киргизүү тууралуу чечим кабыл алган.  Донецк Эл Республикасынын  жана Луганск Эл Республикасынын  башчылары буга чейин Россия президентине алардын суверендүүлүгүн таанууну суранып кайрылган. ДЭР менен ЛЭР украиналык күч түзүмдөрү тарабынан бир нече ирет аткылоо болгондугун билдиришкен. Украинанын чыгышындагы чатак дээрлик сегиз жылдан бери токтобой келет. БУУнун маалыматы боюнча, бул убакыт аралыгында 13 миң адам курман болуп, 44 миң киши жаракат алган.

22-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X