Бегимай Карыбекова: Акчасы бар ийгиликтүү кыздар, акчасы жок эркектерге дайыма сойкудай көрүнөт

17-июнь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

Белгилүү модель Бегимай Карыбекова Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун кыздардын чет өлкөгө чыгуусуна айрым чектөөлөрдү киргизүү боюнча сунушуна жеке пикирин билдирди.
“Депутаттын аялдарга чет өлкөгө учууга тыюу салуу сунушу менен кошо мен сыйлаган байкелердин кыздарга карата жазылган посттору абдан ойлондурду!!! Алардын билдирүүлөрүндө, кыздардын сойкулук менен алектенип жатканы менен же чет элдиктер менен сүйлөшүп, турмушка чыгып кеткенин жактырышпайт.

Дегеле кыздар мээнети менен акча табат же өз билими менен карьера жасай алат деген скептикалык түшүнүк бар. Акчасы бар ийгиликтүү кыздар, акчасы жок, өнүкпөгөн эркектерге дайыма сойкудай көрүнөт!

Кыздардын ак эмгек менен тапкан адал акчасына көз салып, аброюна шек келтирген постторду жазбастан… Биздин акылдуу депутаттар жана башкалар, күндөн күнгө күчөп жаткан педофилдер, үй-бүлөлүк зордүк-зомбулук менен алышсаңыздар жакшы болмок.

Тилекке каршы, бизде алсыз эркектердин күчү аялдарга эле жетет эмеспи…

Кыз-келиндер, мигранттар Кыргызстандан жыргаганынан кеткен жок. Чет мамлекетке ата-эне, балдарын багуу үчүн, мыкты билим алуу үчүн, жөн гана мүмкүнчүлүк алып жашоосун жакшы жака өзгөртүү үчүн келдик.

Ар бир мигрант аялга жана жалпысынан кыздарга колдоо көрсөткүм келип турат!!!

Кыздар — сенин менчигиң эмес, сенин кулуң эмес!

Кыздар, укугуңарды билгиле! Сиздердин жашооңуздар кандай катачылык кетиргениңизге карабастан, эч кимдин, тууган-туушканыңардын, кошуна-колоңдордун сенин жашооңду, кылыктарыңды айыптоого, кантип жашоону үйрөтүүгө акысы жок! Айрыкча, бизге учууга тыюу салууга, биз жол бербейбиз!

Ушундай эркек сөрөйлөргө кор болбой, ар кандай жалаа жапкан сөздөрдү угуп, мойнубузга дөңгөлөк кийип, кор болгончо, чет мамлекетте чыгып иштеп, билим алып, жашооңорду өзгөртүп, бактылуу жашагыла демекчимин!”,-дейт Бегимай Карыбекова.

17-июнь, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X