"Эркин-Тоо"

Эки жаш баланы мушташтырып, видеого тартып жаткан аял суракка алынды

2022-жылдын 28-июнь күнү Фейсбук социалдык тармагында жарыяланып жаткан белгисиз аял киши жаш балдарды уруштуруп жаткан видео боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы төмөнкүдөй түшүндүрмө берет.

Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын Кожо айылындагы атасынын үйүнө 38 жаштагы А.Г. 15 жаштагы уулу Марат (аты өзгөртүлгөн) жана 8 жаштагы Канат (аты өзгөртүлгөн) аттуу балдары менен төркүнүнө коноктоп  келишкен. Ошол эле үйдө 38 жаштагы А.Гнын бир тууганы 31жаштагы сиңдиси турмуштан ажырашкан, 9 жашар Мээрим (аты өзгөртүлгөн)  жана 8 жашар Сезим (аты өзгөртүлгөн) кыздары менен жашап жүргөн.

Жогорудагы аталган үйдө 2022-жылдын 10-июнь күнү болжол менен саат 17.30дар чамасында 8 жаштагы Канат менен 9 жаштагы Мээрим экөө урушуп жаткан видео тартылып алынган. Видеодо байкалып тургандай турмуштан ажырап келген 31 жаштагы А.Г. өзүнүн кызына болушуп, атайын уруштуруп жаткан мезгилде Канаттын бир тууганы 15 жаштагы Марат келип жаш балдарды уруштуруп жаткан 31 жаштагы эжесин уруп салгандыгы байкалган.

Бул материал Кадамжай РИИБнин маалыматтардын электрондук журналына 2022-жылдын 28-июнь күнү катталып, жаш балдарды уруштурган 31 жаштагы аял жана анын 2 кызы суралып, соттук медициналык экспертиза дайындалды. Ал эми 38 жаштагы А.Г. өзүнүн 15 жаштагы жана 8 жаштагы уулдары менен өздөрү жашаган Ош облусунун Алай районуна кетип калгандыгы аныкталды.

Азыркы учурда бул материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!