4 калкты тейлөө борбору ачылат

Кыргызстанда быйыл жыл аягына чейин 4 калкты тейлөө борбору ачылат. Бул тууралуу «Инфоком» ишканасынан кабарлашты. Анын айтымында, борборлор Кант, Кемин шаарларында, Оштун Араван жана Кара-Суу районунда пайда болот. Жетекчи белгилегендей, акыркы үч айдын ичинде 5 калкты тейлөө борбору ачылды. Ошондой эле калкты тейлөө борборлорунун иш тартиби узартылып, алар саат 8ден кечки 7ге чейин ачык болот.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X