43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушту

Бул тууралуу бүгүн 15-июнда Бишкекте аялдардын шайлоо укуктарына арналган “Мен лидер аялмын” жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында 43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушкан. Буга чейинки шайлоодо 18 болчу. Ал эми айыл өкмөттөрүнө 13 аял башчы болуп шайланышты. Эскерте кетсек, айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам быйыл 11-апрелде жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X