5-июлдан тарта абанын температурасы төмөндөйт

5-июль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Кыргызстандын аймагында абанын температурасы 5-июлдан тарта төмөндөйт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Бишкекте абанын күндүзгү температурасы +29, түнкүсүн +19 градуска жетет.

Ал эми өлкөнүн түштүк аймагында абанын күндүзгү температурасы +31…+34 градус болсо, түнкүсүн +19…+23 градус болот. Ысык-Көл жана Нарын облустарында +28 градус, Таласта +27 градус болушу күтүлөт.

Өлкө аймагында кыска мөөнөттүү жаан-чачын болот.

5-июль, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X