500 жетим балага жардам берилди

Бишкекте 500 жетим жана томолой жетим калган балдарга гуманитардык жардам таркартылды.  Бул жардамды башкы кеңсеси  Дубайда жайгашкан  “Аль-Махтум” фонду уюштурду. Эске салсак, аталган фонд менен Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тыгыз кызматташып келет. Андыктан министрдин орун басары  Ализа Солтонбекова  иш-чарада  демөөрчүлөргө  ыраазычылык билдирип, муктаждарга колдоо көрсөтүү дагы да эки тараптуу улантыларын баса белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X