«6 млн доллар…» Нарын экинчи Швейцарияга айланабы

Швейцария “Нарын шаарынын туруктуулугу” долбооруна 6 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Швейцария элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, каражат Нарын шаарынын калкына жардам көрсөтүүгө, инфраструктурасын жана экономикасын өнүктүрүүгө жумшалат. Мындай жол менен, алар шаарды климаттын өзгөрүшүнө жана табигый кырсык коркунучтарына туруктуураак кылууну пландаштырууда.

Беш жылдык долбоор Нарын муниципалитети жана Ага Хан өнүктүрүү тармагы тарабынан ишке ашырылат.

Эске салсак, буга чейин Швейцария элчилиги Бишкектеги жаңы имараттардын жашоочулары үчүн 10 жылдык долбоорго 9 миллион доллар бөлүнөрүн билдирген.

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!