7-Апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү аварияга учурады

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66

Бишкек шаарындагы 7-Апрель көчөсүндө Медеров менен Ахунбаев көчөлөрүнүн ортосунда жылуулук тармагында авария болду.

Маалыматка ылайык, аталган тилкеде 1974 жана 1986-жылдары курулган жылуулук түтүктөрү колдонулуп келген. Кызмат мөөнөтү өтүп кеткендиктен авариялык кырдаал жаралган.

Учурда «Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Анын жүрүшүндө шаардын түштүк бөлүгүндө жылуулук берүү убактылуу чектелиши мүмкүн экени эскертилди.

Ишкана аварияны кыска мөөнөттө жоюу үчүн бардык чараларды көрүп жатканын, иштердин аяктоо мөөнөтү тууралуу кошумча маалымат берилерин билдирди.

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 66
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X