7-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бүгүн, 7-мартта, күндүз көпчүлүк аймактарда жамгыр, Ысык-Көл менен Нарын облусунун кээ бир жерлеринде кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +7…+12, Талас облусунда +6…+11, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын облусунда 0…-5 градус болот.
Ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күндүз +9…+14 градуска чейин жылуу болот.
Бишкекте күндүз жамгыр жаайт, абанын табы +8…+10 градус болот