8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 8-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
Күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.
Жолдорго муз тоңот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +6…+11;
Талас жергесинде түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +4…+9;
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +2…+4, күндүз +9…+11 градус болот.