Бүгүн, 22-декабрдан тартып Бишкекте Чүй проспектисинин Шопоков көчөсүнөн Касым Тыныстанов көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн ачылышына байланыштуу 11 автобустун каттамы өзгөрдү. Бул тууралуу Бишкек шардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 22-декабрынан тартып №222, №216, №129, №169, №104, №227, №254, 135, №11, №152, №25 автобустардын кыймыл чиймелерине жарым-жартылай өзгөртүүлөр киргизилди.
Мэрия жүргүнчүлөрдөн жаңы кыймыл чиймелерин эске алууну суранат.


