Аңчылык кылууга үч жылдык мораторий киргизүү сунуш кылынууда

14-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 53

Кыргызстанда айрым жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылдык мораторий киргизүү сунуш кылынып, тийиштүү мыйзам долбоору 11-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду.

Эгер мыйзам кабыл алынса кулжа, аркар, тоо эчки, теке, элик, бугу, марал, доңуз сыяктуу жаныбарларга 2023-2026-жылдары аңчылык кылууга салынат.

Бул мыйзам долбоору бир катар экологиялык уюмдар жана активисттердин кайрылуусунун натыйжасында жазылган.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 53
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X