А.Мырзаев: «Өзгөчө кырдаал талаптарына жооп бербеген жерлер мыйзамдаштырылбайт»

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38

Бүгүн “Кабар” маалымат агенттигинде КР Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Абдулат Мырзаев журналисттер үчүн 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат берди.

“Мыйзамсыз, өзүм билемдик менен курулуп калган турак-жайларды мыйзамдаштыруу боюнча бир топ иштер жасалды. 2009-жылга чейинки курулган үйлөрдү мыйзамдаштыруу боюнча атайын токтом кабыл алынган. Ошол токтомдун негизи менен 13,5 миң гектар жер аянтына мыйзамсыз курулуштарды кургандар аныкталган. Бирок, биз кайра башынан тактоо иштерин жүргүзгөндө андай жер аянттары эки эсеге өскөнү аныкталды. Сугат жерлерди эле эмес, кайракы, жайыт, кулап калган эски курулмалардын ордуна курулган же өндүрүш чарбасы болгон жерлерди тактаганда 29 миң гектердан ашык жерге имараттар өзүм билемдик менен курулганы аныкталды. Курулуп калган жерлердин баары эле мыйзамдаштырылбайт. Себеби, полигондо, газ түтүктөрү, электр чубалгыларынын астына курулган, өзгөчө кырдаалдар талаптарына жооп бербеген, көрүстөндүн үстүнө курулган үйлөр бар. Мындай жерлер азыр 2 миң гектардай болуп жатат. Бул боюнча атайын мыйзам иштелип чыгып, азыр парламентте талкуудан өтүп жатат, буларды мыйзамдаштырып берүүгө болбойт деп жатабыз. Ал эми калган жерлерди мыйзамдаштыруу каралууда. Жер фондусунун 75%ы айыл чарба министрлигине өткөрүлүп берилип, ага үрөн жана асыл тукум чарбаларды жүргүзүү үчүн 309-токтом кабыл алынган. Токтомдун аткарылышын агенттик жакшы колго алганбыз. Пандемиядан кийинки шартка карабай, былтыркы иш-пландарыбыздын баарын 120%га ашыгы менен аткардык. Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында биоботаникалык изилдөөлөр жүргүзүлүп, асылдуулугу төмөн жерлерди аныктоо жумуштары аткарылып бүттү. Быйыл жерлердин асылдуулугун изилдөө иштери башка облустарда жүргүзүлөт. Жердин асылдуулугун арттыруу үчүн азот жер семирткичтерин берүү керек. Министр Аскарбек Жаныбековдун тапшырмасы менен бардык облустарга лаборатория ачуу демилгеленген. Былтыр жердин асылдуулугун аныктоо боюнча эки лаборатория Ош, Бишкек шаарларына ачылган. Быйылкы жылдын башында Жалал-Абад, Талас облустарына ачтык. Жабдууларын өз каражатыбызга алып жатабыз. Бул лабораториялар жерлердин абалын билүүгө дыйкандарга чоң жардам берет”, — деди Абдулат Абдираимович.

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X