Нарын шаары акысыз интернет менен толук камсыздалды. Бул тууралуу Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Бул саамалык «Смарт-Нарын-24» долбоорунун алкагында ишке ашкан.
Анын негизинде 20 стратегиялык мааниге ээ жайда акысыз Wi-Fi орнотулду. Аларга парктар, мектептер, китепканалар, музейлер, базар, борбордук аянт жана ооруканалар кирди.
Бул долбоор шаардагы санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. Долбоор президенттин өкүлү Алтынбек Эргешовдун демилгеси менен бир нече негизги уюмдардын кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылды. Ага катышкан уюмдар: Борбордук Азия Университети, «Скай Мобайл», «Скайнет Телеком» ЖЧКсы жана Нарын шаардык мэриясы.