"Эркин-Тоо"

Аба ырайы. Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты.

Аба ырайынын күтүүсүз өзгөрүүсү автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Үстүбүздөгү жылдын 27-28-29-май күндөрү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлап, шашылыш билдирүү таратты. Маалыматта айрым жерлерде жаан-чачын катуу болуп, мөндүр жаашы мүмкүн экени айтылат. «Абанын температурасы төмөндөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал», — деп айтылат билдирүүдө. Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын иши менен жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!