Абактагылар «күмүш калпак» тигип, акча табууда

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103

ЖАМКнын №27 мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандар «күмүш калпак» тигүү менен алектенишет. Бул тууралуу мекеменин кызматкерлери билдиришти.

Технологдун айтымында, ал калпак тигүү өнөрүн 3-4 айдын ичинде өздөштүрүп, учурда жаңы келгендерге да үйрөтүп келет.

Анын маалыматына караганда, ишканада 30дан ашык адам эмгектенет. Учурда калпактын 30дан ашык түрү чыгарылат.

Абактагылардын эмгек акысы аткарган ишинин көлөмүнө жараша эсептелип, айына 15 миң сомго чейин жетет.

18-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 103
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X